Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:18

Бишкекте бычакталып каза болгон Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбековдун өлүмүнө террорчул уюмдун катышы тууралуу маалымат аныкталган жок. Бул тууралуу аталган милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, милиционердин өлүмүнө шектүү катары 26 жаштагы Талас облусунун тургуну кармалды. Алгачкы көрсөтмөлөр боюнча, кылмыш болгон түнү милиционер шектүү жүрүш-турушун байкаган жаранды көчөдөн токтотуп, сураган. Буга кыжыры кайнаган шектүү ага лейтенантка бычак урган.

25 жаштагы ага лейтенант Майрамбеков Криминалдык милиция кызматында эмгектенген. Ал 26-октябрда белгисиз жагдайда көчөдө бычакталып каза болгон.

Айрым маалымат каражаттары милиционердин өлүмү боюнча террордук уюм жоопкерчилик алганын жазып чыккан.

Милиция бул версия дагы караларын, аталган маалыматты туура деп айтууга болбосун билдирген болчу.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG