Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:04

Шри-Ланка крикетчилери Пакистанга сегиз жылдан бери биринчи жолу келди


Лахордогу Каддафи стадионундагы оюн бүгүнкүгө белгилеген. Стадионду кайтарган коопсуздук кызматкерлери.

Шри-Ланканын крикет боюнча командасы Пакистандын Лахор шаарына мындан сегиз жыл мурда болгон теракттан кийин алгачкы жолу келди. Спортчулар күчөтүлгөн коопсуздукка алынып, жүздөгөн полициячылардын коштоосунда шаардагы мейманкага жеткирилди. Лахордогу Каддафи стадионундагы оюн бүгүнкүгө белгилеген.

2009-жылы Шри-Ланканын крикет боюнча командасы Лахордо террордук чабуулга туш болгон эле. Оюнчулар түшкөн автобус стадионго келе жатканда террорчулар ок чыгарган. Андан сегиз адам көз жумган. Шри-Ланканын жети оюнчусу жаракат алган. Ошондон бери алар Пакистанда оюн өткөрө элек болчу.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG