Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:27

Таласта президенттин билдирүүсүнө нааразылар акцияга чыгышты


Акцияга чыккандар колдоруна “Кыргыз элинин намысы бардыгынан жогору”, “Манастын урпактарын экиге бөлбөгүлө” деген плакаттарды кармап турушат.

Бүгүн Талас шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдында 100гө жакын адам акция өткөрүүдө. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдашынча, алар президент Алмазбек Атамбаевдин таластыктардын дарегине айткан сөздөрүнө нааразылык билдирип жатышат.

Акцияга чыккандар колдоруна “Кыргыз элинин намысы бардыгынан жогору”, “Манастын урпактарын экиге бөлбөгүлө” деген плакаттарды кармап турушат.

Алмазбек Атамбаев 18-октябрда жогорку окуу жайларынын алдынкы студенттери менен жолугушууда Манасты билүүгө чакырган жана шайлоодон кийин Таласта нааразылык билдирип акцияга чыккандарды сынга алган эле.

26-октябрда баш калаада басма сөз жыйынын өткөргөн таластык үч-төрт аксакал президент Алмазбек Атамбаевдин таластыктардан кечирим сурашын талап кылышкан. (ASu/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG