Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:16

Бириккен Улуттар Уюмунун атомдук энергетика боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Юкия Амано Тегеранга сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн келди. Ал Ирандын жетекчилери менен өзөктүк программаны аткаруу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Улуттар уюмунун өкүлүнүн Тегеранга сапары АКШ президенти Дональд Трамптын 2015-жылы түзүлгөн макулдашууну сынга алган учуруна туш келди.

Трамп Тегерандын баллистикалык ракета программасы тынчсыздануу жаратарын айтып, Иран өз аракети менен Жакынкы Чыгышты бейстабилдүүлүккө алып келерин билдирген. Бирок Евробиримдиктин лидерлери келишим коопсуздук кызыкчылыктарына дал келерин айтышкан эле. Мындай кырдаалда МАГАТЭ келишимди Иран канчалык аткарып жатканы менен таанышмакчы.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге 2015-жылы Иран жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү, ошондой эле Германия кол койгон. Ага ылайык, Ислам жумурияты уран байытуу иштерин чектеп, ал эми эл аралык санкциялар бара-бара алынмай болгон.

XS
SM
MD
LG