Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:32

Мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча сунуш каралып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында 27-октябрда билдирди. Анын айтымында, окуу жылынын башталышын которууну 2018-2020-жылдары сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алуу каралууда. Мындай жол менен туристтик сезон да узартылып, окуу программасын өзгөртүүнүн зарылчылыгы да болбой турганын кошумчалады министр. Кудайбердиева бул маселени коомдук талкууга чыгаруу пландалып жатканын белгиледи.

Буга чейин парламенттин учурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков окуу жылын 20-сентябрда баштоо сунушун көтөргөн. Ал муну туристтик сезонду узартуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн болчу.

Учурда Кырызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG