Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат


Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылары тууралуу маалыматты өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Анын айтымында, курула турган заводду “Үмүт и Ко” ишканасы каржылайт. Ал төрт айда курулуп бүтүп, кийинки жылдын февраль айында ишке берилет деп болжолдонууда. Баасы 90 млн сомду түзгөн завод бир күндө 150 тоннага чейин сүт иштетмекчи.

Учурда Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда чакан сүт заводдору бар. Алар жай мезгилдеринде бир күндө он тоннага чейин сүт иштетет. (MiK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG