Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Казакстанда түрк калктарынын тарыхчыларынын форуму өттү


Кожо Акмат Йассави (Жазылык) үчүн курулган күмбөз. Түркстан шаары, Казакстан. 27.10.2017.
Кожо Акмат Йассави (Жазылык) үчүн курулган күмбөз. Түркстан шаары, Казакстан. 27.10.2017.

Казакстандын Түркстан шаарындагы Ахмед Йассави университетинде 28-29-октябрда Түрк калктарынын тарыхчыларынын форуму өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” президентке караштуу “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов кабарлады. Анын айтымында, форумга Түркия, Кыргызстан, Казакстандын тарыхчылары катышты. Анын алкагында тарыхты биргелешип изилдөө, окумуштуулар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Кыргызстандан аталган форумга тарыхчы-окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов, Ташмамбет Кененсариев жана Аблабек Асанкановдор катышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG