Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:17

Өкмөттө кыргыз-казак чек арасындагы абал талкууланат


28-октябрда чек арада кезек күткөн унаалардын тыгыны 12 чакырымды түздү.
28-октябрда чек арада кезек күткөн унаалардын тыгыны 12 чакырымды түздү.

Өкмөт премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда кыргыз-казак чек арасындагы абалды карайт. Ошондой эле бүгүнкү жыйында 2017-жылдын мамлекеттик бюджети жана 2018-2019-жылдар үчүн мамлекеттик бюджеттин божомолдору боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат.

Ал эми экономика министри Артем Новиков жыл башынан берки социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча баяндама жасайт.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан бери мүчө.

Быйыл 10-октябрдан тарта Астана Кыргызстандан келип жаткан аткезчиликке каршы күрөш деген себеп менен кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөткөн. 29-октябрда кыргыз-казак чек арасында Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 500дөй экени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG