Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Президент Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-октябрдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчы өргүү учурунда 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштейт.

Быйыл жазда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Координациялык топ түзүлгөн. Ал Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтордун ишин координациялайт жана иштелип чыккан сунуштарды стратегиялык бир документке бириктирүү милдетин алышкан. Алар экономика, экология, мамлекеттик башкаруу, социалдык чөйрөлөрдө жана “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу жагындагы долбоорлорду талдап чыгышкан.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG