Кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар кеңеши 31-октябрда жаңы жетекчисин шайлайт. Бул тууралуу академиянын өкүлү Айсулуу Токоева “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, азыр мекеменин президентинин милдетин аткарып жаткан Мурат Жуматаев жамаатты өзүнүн программасы менен тааныштырат.
Академиянын буга чейинки президенти Абдыганы Эркебаев быйыл мартта кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү боюнча арыз жазган.
Ошондон бери президенттин милдетин Мурат Жуматаев аткарып келе жатат. (КE)