Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Ишкерлер Казакстандын аракетине укуктук баа берүүгө чакырышты


Кыргыз-казак чек арасына жакын жердеги фуралар.
Кыргыз-казак чек арасына жакын жердеги фуралар.

Кыргызстандагы Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы, Улуттук ишкерлер клубу, Соода кызматкерлеринин кесиптик кошууну, Чакан ГЭСтер бирлиги, Оор жүк ташуучу айдоочулар бирлиги жана Базарлар, кызмат көрсөтүү тармактары ассоциациясынын биргелешкен кайрылуусу кыргыз премьер-министри Сапар Исаковго, Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасынын жетекчиси Тимур Кулибаевге, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисянга жолдонгон.

Анда кыргыз-казак чек арасындагы соңку абал Кыргызстан жана башка мамлекеттердин ишкерлерине олуттуу сокку урганы белгиленип, тараптарга маселени ЕАЭБдин талаптарына ылайык чечүү чакырыгы ташталган. Катта Казакстан аталган уюмдун эрежелерин бузуу менен чек арада көзөмөлдү күчөткөнү эске салынган. Ишкерлер Тигран Саркисянды маселени жөнгө салуу менен бирге болочокто мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн ЕАЭБдин укуктук базаларынын алкагында Казакстандын тиешелүү органдарынын ишине баа берүүгө чакырышкан.

Ал эми Казакстандын бизнес коомчулугуна биргелешкен аракеттер жана эки өлкөнүн өкмөтүнүн диалогу менен чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде мурдагыдай тартипти калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылуу жиберилди.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери абал оңоло элек.

Расмий Астана муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага барып, казакстандык кесиптеши Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан, тараптар жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды, жеңил жана бош жүк ташуучу автоунааларды текшерүүдө жеңилдик берүүгө жетишкен. Бирок оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, алардын катары 10 чакырымга созулуп кетти. Учурда "Ак тилек" бекетинде 500дөй фура токтоп турат.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Армениянын борбору Ереванда өткөн отурумунда Казакстан Кыргызстан менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча Исаков менен жетишилген жол картага кол коюудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG