Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Тажикстанда радикалдашкан райондорду аныкташты


Тажикстан. Мечит жанында турган тартип сакчылары.
Тажикстан. Мечит жанында турган тартип сакчылары.

Тажикстандын президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борбору даярдаган баяндама чыкты. Аталган өкмөттүк мекеменин иликтөөсү Тажикстандын диний жактан радикалдашкан райондорунун көбүндө өлкөдө тыюу салынган “Салафи” агымынын жана “Хизб-ут-Тахрир” кыймылынынын жашыруун аракеттенген топтору бар экенин көргөзгөн. Сирия менен Иракка да Тажикстандан көбүнчө мына ушул эки топтун өкүлдөрү кетишкен.

Стратегиялык изилдөөлөр борбору республикалык баш ийүүдөгү радикалдык агымдар Рудаки, Нурабад райондорунда, Вахдат шаарында бар экенин аныктаган.

Ал эми Кыргызстанга чектеш Согди облусунда радикалдык агымдар менен багыттардын жолун жолдоочулар Хожент, Исфара, Канибадам, Истаравшан, Пенжикент шаарларында, Спитамен, Ашт, Бобожонгафур, Матчин райондорунда бар.

Расмий эсептер боюнча Согди облусунун кеминде 170тей жашоочусу үй-бүлөлөрү менен чет өлкөлөрдөгү лагерлерде, көбүнчө Сирия, Ооганстан, Пакистанда жүрүшөт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group аналитикалык компаниясынын маалыматына караганда, азыр да Тажикстандан 700дөн ашуун согушкер Сирия менен Иракта бар. Бирок көпчүлүгүнүн тагдыры белгисиз. (UE)

XS
SM
MD
LG