Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:41

БШК президенттик шайлоону өттү деп тапты


15-октябрдагы президенттик шайлоо.
15-октябрдагы президенттик шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, шайлоо өттү деп табылды. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өттү деп жарыялап, элди жаңы президенттүү болушу менен куттуктады.

БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев шайлоо эң жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, 2375 добушканадан болгону төрт арыз түшкөнү шайлоо системасындагы реформанын жыйынтыгынан кабар берерин билдирди.

Расмий маалыматка караганда, президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54.22 пайыз добуш менен жеңди. Өмүрбек Бабанов 33.49, Адахан Мадумаров 6.57 пайыз добуш алды. 12 миң киши "баарына каршы" добуш берип, алар 0.73 пайызды түздү. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы электрондук үкөктөр жана добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгына карап чыгарылган.

Президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 56,34 пайызы келди. Шайлоодон кийин кийин республика боюнча сегиз шайлоо тилкесинде добуштар жокко чыгарылды, бирок ал жалпы жыйынтыкка таасир эткен жок.

Шайлоо жыйынтыгы тууралуу протоколго БШКнын тогуз мүчөсү "макул", бирөө "каршы" добуш берди, ал эми эки мүчөсү жыйынга катышкан жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү бар.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо он бир талапкер ат салышкан болчу. (BzA/NT)

XS
SM
MD
LG