Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:30

Жарандык коом бажы тармагындагы коррупцияны талкуулайт


Бажыдагы текшерүү

Жарандык активисттердин демилгеси менен 30-октябрда Бишкекте "Мамлекеттик бажы кызматындагы аткезчилик жана паракорчулук менен коомдук көзөмөл механизмдери аркылуу күрөшүү» деп аталган тегерек үстөл болот.

Анда жарандык коом бажы тармагынын ачык-айкындыгын талап кылып, аталган тармактын коом алдында отчет берүүсүн камсыз кылуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн уюштуруучуларынын бири Рита Карасартова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Тегерек үстөлдүн максаты - бажы системасынын иш-аракетин талкуулоо. Ереванда өткөн Евразиялык кеңештин жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев айткан маалыматты текшерүү боюнча коомдук комиссиянын курамын түзүү дагы бир максатыбыз. Ошондой эле, Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн бажы тармагындагы жат көрүнүштөргө мыйзамдын негизинде туура баа берүүнү талап кылып кайрылуу жасайбыз.

25-октябрдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып келерин билдирип чыккан.

Бул көрүнүштү Кытайдан айрым товарлар бажы алымы алынбастан, аткезчилик менен өтүп жатканы катары белгилеген. Кийинчерээк кыргыз тарап анын сөзүнө жооп берип, импорттогу айырмачылык боюнча маселе Кыргызстанга эле тиешелүү эместигин, ал Евразия экономикалык биримдикке кирген бардык мамлекеттерде бардыгын айтып чыккан. Экономика министри Артем Новиков Казакстан менен Кытайдын статистикасында да айырмачылыктар чоң экенин маалымдаган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG