Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:34

30-октябрда Миң-Куш айылынын Ак-Улак учаскасындагы шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 61 жаштагы жергиликтүү тургунду шахта урап, басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен жергиликтүү тургундар шахтанын 15 метр тереңдигинен анын сөөгүн алып чыгышкан. Учурда бул иш боюнча милиция кызматкерлери иликтөө жүргүзүп жатышат.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын өндүрүш учурунда элүүдөн ашуун адам кырсыктап, каза табат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG