Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

"Экспорт кербени" аймактарды кыдырат


Кыргызстандагы базарлардын бири
Кыргызстандагы базарлардын бири

Экинчи жолу уюштурулуп жаткан "Экспорт кербени" маалымат өнөктүгү өлкөнүн бардык облустарында 8-ноябрда башталат. Анын жүрүшүндө өндүрүшчүлөргө товарды таңгактоо жана белги коюу, кошумча нарк салыгы боюнча семинарлар өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны жана экспортту илгерилетүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара эл аралык уюмдардын колдоосунда уюштурулууда. Аталган мекеменин жетекчиси Алымбек Орозбековдун айтымында, өнөктүк ишкерлерге экспорттон пайда көрүү шарттарын түшүндүрүү максатын көздөйт. Мындан тышкары сыртка товар саткан өндүрүшчүлөрдүн иш деңгээлине байкоо салынып, алардын көйгөйлөрү талданат.

Биринчи "Экспорт кербени" быйыл 21-февралдан 14-мартка чейин өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG