Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Түркия: Эс-учун жоготкон кыргызстандык кыздын жакындары жардам сурады


Стамбул, Түркия.
Стамбул, Түркия.

Кыргызстандын 22 жаштагы жараны Ширин Бейшембекова Түркиянын Денизли шаарындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө бир айдан ашык убакыттан бери жатат. Анын эки бөйрөгү иштебей, эс-учун жоготуп жатып калган. Кызына каралашуу үчүн Денизли шаарына барган апасы Анара Шириндин абалы оорлоп баратканын айтты:

- Эки жаштагы кызды багып ушул жакта иштечү. Азыр эми минтип ооруп калды. Абалы өтө оор. Үч күндөн бери дене табы түшпөй, ичи ысып кетти. Догдурлар чоң сүлгүлөрдү суулап туруп колдорунун астына коюшат экен. Тамагын тешип, жасалма дем алдырып жатышат. Эки күндө бир диализ аппаратына киргизип турушат экен.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Ширин Бейшембекованы мамлекет аралык медициналык квотага киргизүү өтүнүчү менен Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөткөн. Эмгек визасы менен бала багып иштеген Шириндин мамлекеттик медициналык камсыздандыруусу менчик ооруканадагы чыгымынын бир бөлүгүн гана жабат. Буга байланыштуу жакындары элден жардам суроодо.

Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 19 миңге жакын. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын саны мындан көп.

Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына караганда, кыргызстандык мигранттардын саны өткөн жылга салыштырганда эки эсе көбөйдү. Былтыр 3612 кыргызстандык эмгек визасын алган. (ElB)

XS
SM
MD
LG