Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Алматы базарынан Кыргызстандан барган товар алынды


Калысбек Жумаканов
Калысбек Жумаканов

Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алына элек, бирок фитосанитардык көзөмөл алынганына карабастан текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Казакстандын Алматы шаарындагы базардан кыргызстандык азыктардын алынышы тууралуу маалымат боюнча комментарий берип жатып билдирди:

- Ар кандай шылтоолор менен товарларды кармап алып текшерип жатышканы боюнча капачылыгыбыз бар. Анан Алматы шаарынын базарынан 127 килограммдай товар алынып салыныптыр. Бул жерде күнөө ошол ишкерлердин өзүндө дагы бар. Анткени алар тиешелүү каттоодон өтпөй эле товарларын жашыруун жолдор менен алып кирип кетишкен.

30-октябрда кыргызстандык ишкерлер Алматы шаарындагы соода борборлорунун текчелеринен Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт жана эт азыктары ветеринардык талаптарга жооп бербейт деген негизде алынып салынганын билдиришкен. Ага чейин казакстандык маалымат каражаттары Кыргызстандан барган азыктар мыйзамсыз сатылып жатканы аныкталып жок кылынганын кабарлашкан.

Кечээ ишкерлер коомчулугу Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковго, Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасынын жетекчиси Тимур Кулибаевге, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисянга кат жолдоп, кыргыз-казак чек арасындагы маселени ЕАЭБ талаптарына ылайык чечүүгө чакырышкан. Ошондой эле ЕАЭБдин укуктук базасынын алкагында Казакстандын тиешелүү органдарынын ишине баа берүүнү өтүнүшкөн. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG