Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

"Талибан" барымтага алган профессордун ден соолугу начарлады


Ооганстандагы талиптер өткөн жылы Кабулда барымтага алынган америкалык профессордун саламаттыгы өтө оор жана тез медициналык жардамга муктаж деп билдиришти. Ооганстандагы Америка университетинин профессору Кевин Кингди жана кесиптеши австралиялык профессор Тимоти Уиксти былтыр августта кампустун жанында уурдап кетишкен.

"Талибандын" маалымат катчысы Забихулла Мужахид 60 жаштагы Кингдин жүрөгү жана бөйрөктөрү жабыркаганын айтты. “Анын оорусу өтүшүп кетти, абалы күндөн күнгө начарлап баратат”, - деп айтылат талиптердин 29-октябрда жасалган билдирүүсүндө.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кингди жана барымтадагы башка адамдарды дароо жана шартсыз коё берүүгө үндөдү.

Барымтага алуунун артында болжолу менен Пакистанда жайгашкан талиптерге жакын "Хаккани" экстремисттик топ турат.

XS
SM
MD
LG