Кыргыз Улуттук илимдер академиясында бүгүн жетекчини шайлоо болуп өттү. Мекеменин маалыматына караганда, Уставга ылайык бул кызматка талапкерди өлкөнүн өкмөт башчысы сунуштайт.
Шайлоонун негизинде академик, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев президент болуп шайланды.
Өз сөзүндө ал “Илимий жетишкендиктер өндүрүшкө жакшы киргизилбей, өз ордун таппай жатат. Алгылыктуу багыттарды аныктап, жаңы ойлоп табуулар колдоого алынса биз жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерге ээ болобуз” деп билдирди.
Академик Жуматаевдин талапкерлиги жактырылганына байланышкан документти бир ай ичинде премьер-министр бекитиши керек.
Академиянын буга чейинки президенти Абдыганы Эркебаев быйыл апрелде кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү боюнча арыз жазган. Андан бери мекемени Жуматаев жетектеп келген.
Илимдер академиясынын быйыл 31-марттагы жылдык жалпы жыйыны курч талкуу жана кайым айтышуу менен коштолгон. Анда ошол кездеги жетекчи Абдыганы Эркебаев мекеме реформанын алкагында жоюлуп кетүү алдында турганын, жамаат экиге бөлүнүп, ушак жана маалыматты сыртка ташуу өңдүү көрүнүштөр күчөгөнүн билдирген.
Коомчулукта Илимдер академиясынын дарегине сын айтылып, окумуштуулардын ачылыштары дээрлик жок экени белгиленип келет.(ZKo)