Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашуун автоунаа кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалымат катчысы Салкын Абдыкариеванын айтымында, учурда Чүйдөгү “Ак-Жол” бекетинде 50дөй адам казак тарапка өтүү үчүн “жашыл коридордо” турат, кезек күткөн автоунаанын саны да 50 чамалуу.

Таластагы “Чоң-Капка” бекетинде 60тын тегерегинде ар түрдүү жеңил жана жүк ташуучу автоунаанын кезеги бар. Ал жерде адамдардын тыгыны жок.

Чүйдөгү “Чалдыбар” бекетинде 35ке жакын түрдүү автоунаа топтолуп турат.

Ал эми жүк ташуучу унаа эң көп топтолгон жер Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекети болууда:

- Учурда ал жерде 400гө жакын автоунаа кезекте турат. Казак тарап саатына алты чоң фура машиналарын текшерип өткөрүүдө. Ал эми “Ак-Жолдо” 20-30 минутада 30-35 жаранды, 20 минутада маршруттук жана жүк ташуучу унааларды бирден өткөрүп жатат, - деди Абдыкариева.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG