Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан районунда катуу жардыруу болгону, бир топ киши өлгөнү кабарланууда.
Ооганстандын Ички иштер министрлиги жана полиция катуу кайтарылган "Жашыл зонада" жардыруу болгонун бышыктап, бирок анын чоо-жайын айтышкан жок.
"Рейтерс" агенттигинин телетобу кеминде сегиз кишинин өлгөнүн, бир нечеси жарадар болгонун маалымдады. Дарыгерлер болсо шаар ооруканасына үч кишинин сөөгү жана он жарадар киши жеткирилгенин билдиришти.