Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

"Эхо Москвы" радиосунун кабарчысы Орусиядан чыгып кетти


Ксения Ларина Орусиядан убактылуу чыгып кеткенин радиостанциянын башкы редактору Алексей Венедиктов Twitter'де жазды. Мурдараак ал Ларинаны бийликчил журналист Владимир Соловьев "сволочь" деп айтканы үчүн өлкөдөн чыгара турууну чечкенин билдирген.

23-октябрда "Эхо Москвы" радиосунун редакциясында журналист Татьяна Фельгенгауэрге бычак менен кол салышкан, ал ооруканада. Ошондон кийин Ларина Соловьевди оппозициянын өкүлдөрү жана журналисттер жөнүндө эфирден айткан сөздөрү менен кол салууга чагым кылды деп айыптаган сөзүн Фейсбукка жазган.

Ага жооп кылган Соловьев "Вести FM" радиосунун эфири аркылуу журналисттин дарегине жаман сөз айткан.

Октябрь айынын башында бир нече жолку кол салуулардан кийин аталган радионун кабарчысы Юлия Латынина Орусиядан чыгып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG