Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Ошто 30 жаштагы келин уксус ичип жанын кыйды


Ош шаарындагы облустук ооруканага 24-октябрь күнү уксуска ууланган келин оор акыбалда келип түшүп, төрт күндөн кийин көз жумган. Артында эки баласы калганы айтылууда.

Облустук милициянын билдиришинче, маркум Кара-Суу районунда жашаган. Айрым маалыматтарга караганда келин уксусту өз жанын кыюу максатында ичкен, буга үй-бүлөдөгү чыр-чатак себеп болгон.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат:

- Райондук ички иштер бөлүмү иштеп жатат. Бул иш боюнча медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Азыр ошонун жыйынтыгы күтүлүүдө.

30-октябрь күнү Кадамжай районунун 20 жаштагы тургуну да уксус ичип жанын кыйган. Маркум буга күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай барганы айтылып, милиция анын күйөөсүн камаган. 20 жаштагы келиндин эгиз кыздары калган.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдабай, өз өмүрүнө кол салган кыз-келиндердин саны ондоп саналат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG