Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

Түркияда сабалган кыздын окуясынан улам элчилик сынга кабылды


Окуя тартылган видеодон сүрөт
Окуя тартылган видеодон сүрөт

Түркияда полициянын ур-токмогуна кабылган кыргызстандыктын окуясынан кийин бул өлкөдөгү элчини чакыртып алыш керек болчу деп билдирди бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Экмат Байпакпаев.

Депутат бул окуя үчүн полиция кызматкери жазага тартылдыбы же жокпу, сурап, Түркиядагы кыргыз дипломаттарынын ишин сындады:

- Биздин ТИМ, консулдук, элчилик эмне иш жасады? Полиция кызматкери биздин кызды чачынан алып сүйрөп жаткан видео жер жүзүнө тарады. Андай консулду, андай элчини кайра мекенине кайтарыш керек. Ал биздин өкүлүбүз болбошу керек.

Бүгүн парламентте адам сатууга каршы мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ага ТИМ өкүлдөрү катышкан жок, андыктан депутаттын сөзүнө жооп болгон жок.

4-октябрда Түркиянын социалдык түйүндөрүндө Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жаткан тасма тарап, катуу талкуу жараткан. Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, иш сотко өтүп, жабык каралган. 40 жаштагы аял кыргызстандык экени, психикалык жактан жабыркап жүргөнү айтылган.

Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 19 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенишет. Анталия аймагында эле бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашайт. (RK/ElB)

XS
SM
MD
LG