Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

"Мен макул эмесмин" кыймылы шайлоо жыйынтыгын тааныбасын билдирди


Бишкекте жарандар "Мен макул эмесмин" деген маалымат жыйын өткөрүштү.

Он чакты жаран бүгүнкү бийликтин жүргүзгөн саясатына макул эместигин билдиришти.

Алардын бири Каныбек Акунбаев шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын, бийликтин азыркы саясатына макул эместигин айтып, кыргыз-казак чек арасында бүгүнкү күндө түзүлгөн абал үчүн мамлекет башчыны айыптады. "Мен макул эмесмин" деген кыймылга кошулууга чакырды.

Маалымат жыйындын катышуучулары мындан ары катарына башка адамдарды да тартып, бийликтин саясатына каршы күрөшөрүн билдиришти. Арасында айдоочулар, тикмечилер, ишкерлер бар экенин, алар чек арадагы тоскоолдуктардан жабыр тартып жатканын айтышты.

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жана "Мен макул эмесмин" деген кыймыл түзөрөн айткан. Мадумаров президенттик шайлоого талапкер болуп катышып, 108 миңден ашуун же 5% ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыккан.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.

Учурда чек арада казак тарапка өтө албай жүздөгөн автоунаалар турат.

18-октябрда мыкты окуган студенттерге жыл сайын берилүүчү стипендиялардын сертификатын тапшырган учурда президент Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө эмоция менен айткан сөздөрү туура эмес болгонун белгиледи.

Ал казак лидери Нурсултан Назарбаев тууралуу мурдагыга караганда жумшак пикирин билдирди. Ошол эле маалда Назарбаевдин тегерегинде жалаң өз кызыкчылыгын көздөгөн акчалуулар отурат деп сындаган:

- Биз өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды коргошубуз керек. Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү көрүп турабыз. Казакстандын айрым жетекчилери Кыргызстандан бардык темир жол, соода жолдору Казакстан аркылуу гана өтөт деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Чындыгында, Кыргызстанды Орусиядан бөлүп жатышат. Менимче, Казакстандын президенти жада калса мындан шек санаган жок. Ал башка президент сыяктуу эле өзүнүн айланасындагыларга ишенет. Президент Назарбаевдин айланасында олигархтар, казак миллиардерлери. (TSh)

XS
SM
MD
LG