Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:41

АКШдагы теракт курмандыктары арасында кыргызстандыктар жок


Теракттан кийин. 31-октябрь, Нью-Йорк

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы теракттан каза тапкан жана жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилигинин алдын ала маалыматына таянып билдирди.

31-октябрда Нью-Йоркто жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп кетип, сегиз киши каза тапкан. Ондон ашыгы ар кандай жараат алышкан.

Кол салууга шектелип АКШга бир нече жыл мурун Өзбекстандан келип, Флорида штатында жашап турган 29 жаштагы Сайфулло Саипов кармалды.

АКШ бийлиги окуяны "террордук чабуул" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG