Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, 31-октябрда контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө 29 жана 27 жаштагы аял жана эркек киши кармалды.
Атайын кызмат кармалгандар КМШ мамлекеттеринин биринин жарандары экенин жана эл аралык террордук уюмдарга кишилерди тартып, куралдуу конфликттер болуп жаткан аймактарга жиберип турганын билдирди.
Экөө тең октябрдын башында Кыргызстанга келип, Сирия менен Ирактагы согуштарга адам тартуу менен алектенгени аныкталды.
УКМК буга чейин да ушундай эле негизде бир канча жаранды колго түшүргөн.
Расмий маалымат боюнча, Сирия жана Ирактагы диний радикал топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат, анын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин алардын 92си согуш талаасында мерт болгон. (NT)