Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:46

Кыргыз-монгол кызматташтыгы талкууланды


Элчи Азамат Үсөнов монгол президенти Халтмаагийну Баттулгага ишеним грамоталарын тапшырууда

Кыргызстан Монголия менен кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн монгол президенти Халтмаагийну Баттулга менен жолугушууда кыргыз элчиси Азамат Үсөнов билдирди.

Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп жаңы дайындалган Азамат Үсөнов монгол жетекчилигине ишеним грамоталарын тапшырды.

Ал Кыргызстандагы азыркы абал тууралуу маалымдап, жакында өткөн президенттик шайлоо тууралуу айтып берди. Монголия менен кызматташтыкка кызыгуу бар экенин айтып, монголияны 2018-жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарына чакырды.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Монголия боюнча да дипломатиялык өкүлчүлүк катары иш алып барат. Үсөнов бул өлкөгө элчи болуп сентябрь айында дайындалган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG