БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 1-ноябрда “Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук” деп аталган баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөдө эки жаштан төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үч бөлүгү же 300 миллионго жакыны үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга же уруп-сабоого кабылганы айтылат.
Маалыматка караганда, дүйнөдө ар бир жети мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан каза табат. Ал эми Кыргызстанда аялдардын жана балдардын абалына жүргүзүлгөн мониторинг жеткинчектердин 57% үйүндө тарбиялоо максатында жазалоого (кол көтөрүүгө) кабыларын көрсөткөн.
Өлкөдө Эмгек жана өнүгүү министрлигине караштуу 111 тынымсыз байланыш линиясы иштейт. Бишкек, Талас, Каракол шаарларында жана Түп айылдарында зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн жардам берүү борборлору да бар. (NT)