Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:03

Синдзо Абэ Жапониянын премьер-министри болуп кайра шайланды


Синдзо Абэ

Жапон парламентинин төмөнкү палатасы Синдзо Абэни премьер-министрликке кайра шайлады. Анын Либералдык партиясы 22-октябрдагы кезексиз шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкен.

Премьер мурдагы министрлерин кайра эле ордуларына бекитери күтүлүп жатат.

63 жаштагы Абэ өлкөсүн 2012-жылдын декабрынан бери башкарып келет. Кайра шайлануу менен ал 2021-жылга чейин ордунда кала берүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Премьердин башкаруучу коалициясы парламенттин жогорку палатасында да орундардын үчтөн экисине ээлик кылат.

Шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында сүйлөгөн учурунда Абэ Түндүк Кореяга өзөктүк жана ракеталык программасын токтотуусу үчүн кысым көргөзүүдө “күчтүү дипломатияны” колдоно турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG