Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Путин Роухани менен Сирия маселесин талкуулайт


Роухани менен Путин мурдагы жолугушуулардын биринде
Роухани менен Путин мурдагы жолугушуулардын биринде

Орусия президенти Владимир Путин 1-ноябрдагы Ирандагы сапары учурунда Сирия жаңжалы менен энергетикалык кызматташтыкты талкуулары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат катчы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Сирия көйгөйү сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде бар.

Орусия менен Иран бул жаңжал учурунда Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн колдоп келет. Ал эми АКШ жана Түркия оппозициялык күчтөрдү жактайт.

Ошондой эле Песков Тегеран сапары учурунда Иран президенти Хасан Роухани, Азербайжан президенти Илхам Алиев менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөрүн белгиледи. Бул форматтагы биринчи жолугушуу мурдараак Бакуда да өткөн.

XS
SM
MD
LG