Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

ЖК Султан Жумагуловду маданият министрлигине бир добуштан колдоду


Султан Жумагулов
Султан Жумагулов

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына журналист Султан Жумагуловдун талапкерлиги бүгүн парламенттин жалпы жыйынында жактырылды. Аны жыйынга катышкан 84 депутаттын баары бир добуштан колдошту. Буга чейин Жумагуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде колдоого алынган.

Мыйзам боюнча министрликке талапкерлерди өкмөт башчы сунуштайт.

Мурдагы министр Түгөлбай Казаков өткөн аптада өз ыктыяры менен кызматтан кеткени айтылган.​

Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин «Би-Би-Си», «Азаттык», «ЭлТР», КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Акыркы кезде президенттик аппаратта кеңешчи болуп иштеп турган. Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал. (NT)

XS
SM
MD
LG