Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:01

Атамбаев тарых жана ата-бабаларды эскерүү акциясына катышат


Үркүн курмандыктарын эскерүүгө Орусиянын президенти Владимир Путин барган учур. 17-сентябрь, 2016-жыл
Үркүн курмандыктарын эскерүүгө Орусиянын президенти Владимир Путин барган учур. 17-сентябрь, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чараларына катышат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекстеги эстеликтерге гүл коёт.

Андан кийин борбордогу Жеңиш аянтындагы түбөлүк отко гүл коюлат.

Ошондой эле президент Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Орусиянын достук монументинин айланасында жаңыланган гүлбакчанын ачылышына барат.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада 7-8-ноябрды "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп белгилөө, Ленин чокусунун атын Манас Ата зоосу деп өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол коюп, ал бир катар талаш-тартыш жараткан.

Жарлык чыгары менен орусиялык маалымат агенттиктери "Кыргызстан Орусияга каршы көтөрүлүштү майрамдаганы жатат" деген маалыматтарды жазып чыккан.

Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедев муну "достукка каршы кадам" деп атап, Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө Орусияда тыюу салган мыйзам долбоорду алып чыгарын билдирген.

Президенттик аппарат бул жарлыкты Кыргызстанда улуттук майрам катары белгиленип келе жаткан 7-ноябрга жаңы мазмун берүү аракети деп түшүндүргөн. (NT)

XS
SM
MD
LG