Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:35

Таласта жаш лидерлер бийлик менен кызматташуу жолдорун үйрөнүштү


Сертификат тапшыруу салтанаты

Таласта кесиптик деңгээлин жогорулаткан жаштарга Билим жана илим министрлигинин атайын сертификаттары тапшырылды. Облустун төрт районунан келген жаштар алты айлык окуудан өтүштү.

Облустагы “Жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бектур Медетов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жарым жылдык курс GIZ уюмунун "Жаштар үчүн жаркын келечек" программасынын алкагында ишке ашып, ага жалпысынан 19 жаш лидер катышты.

Окутуунун алкагында мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер менен тыгыз иш алып баруу аркылуу жаштардын келечегине кам көрүү жолдору үйрөтүлдү. Лидерлер теорияны практика менен айкалыштырууга жетишишти.

GIZ – Германия өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык уюму.

Социалдык өнүгүү министрлигинин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда 201 миң адам жумушсуз жүргөн. Бул экономикалык активдүү калктын 8%. Алардын арасынан 87 миңи гана жумушсуз катары расмий каттодо турат. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG