Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранова спикердин орун басары болуп шайланды. Бүгүнкү сессияда аны вице-спикерликке дайындоо боюнча Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
31-октябрда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде Кодуранованын талапкерлиги жактырылган.
Спикердин мурдагы орун басары, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Данияр Төлөнов өткөн аптада өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Эл өкүлү бул кадамын «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун парламент спикери болуп шайланышы менен байланыштырган.
Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда отставкага кетип, ордуна депутаттардын көпчүлүк добушу менен Дастанбек Жумабеков шайланган болчу. (NT)