Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Өспүрүмдөр арасында ичимдик ичүүнү алдын алуу программасы ишке кирет


Программа келерки жылдан тарта иштейт. Бул тууралуу республикалык наркология борборунун адиси Ирина Алымкулова 1-ноябрда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, быйыл Токмокто, Кадамжайда, Баткенде жана Бишкек шаарында бир катар мектептерде жашы жетелектердин жана балдардын арасында алкоголдун жайылуусун алдын алуу боюнча программа иштеп жатат. Атайын долбоордун алкагында адистер мектептердеги психологдорду балдар жана алардын ата-энелери менен иштөөгө үйрөтүшкөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы алкогол көз карандылыгынан 24 киши набыт болгон. Ал эми 33 562 киши наркологиялык каттоодо турат. Алардын ичинен 80% алкоголго байлангандар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG