Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Өкмөт ишкерлер тарткан зыянды эсептөөдө


Экономика министрлигинин адистери жүк ташуучулардын кесиптик кошууну менен чогуу чек арада турган унаалардын айдоочуларынан 26-октябрдан тарта сурамжылоо жүргүзүп жатат. Бул чек арадагы кырдаалдан жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында болуп жатканын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, бул боюнча атайын долбоор иштелип чыгып, ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган комиссия бекитилди. Ошондой эле жабыркаган ишкерлерди колдоо үчүн бажы, салык жеңилдиктерин киргизүү, насыя акчаларды кайтаруу мөөнөтүн 60 айга чейин узартуу да каралууда.

31-октябрдан тарта Экономика министрлигинде бул маселе боюнча атайын эксперттер иштей башташты жана ишкерлердин арыз-дооматтары кабыл алынууда. Мындан тышкары ишкерлер эксперттик комиссияга 0 312 620535 (+140); 0312 625234 телефондору аркылуу кайрыла алышат.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Казакстан тарапка өтүүнү көздөп, кыргыз-казак чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны 700дөй. (ZKo)

XS
SM
MD
LG