Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Сирия оппозициясы Сочиде сүйлөшүү өткөрүүгө каршы болууда


Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өткөн Астанадагы Rixos President мейманканасы
Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өткөн Астанадагы Rixos President мейманканасы

Батыш өлкөлөрүнүн негизги колдоосуна ээ болуп келе жаткан Сириянын улуттук коалициясы (SNC) деп аталган оппозициячыл топ Сочиде «Сирия топторунун конгрессин» өткөрүү тууралуу Орусиянын сунушуна каршы экенин билдирди.

SNC бул конгрессти БУУнун колдоосу менен Женевада өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн кыйгап өтүү аракети деп атады.

Буга чейин Түркия Астанадагы сүйлөшүүлөргө Сириянын күрт партиясынын өкүлдөрү чакырылганына нааразылыгын билдирген. Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калин түрк жана орус тараптын өкүлдөрү бул маселени талкуулай тургандыктарын билдирип, өзү дагы көйгөйдү жеринде чечүү үчүн жеке жолугушууларды өткөргөнүн айткан.

Шейшемби күнү Сирия түндүгүндөгү күрттөрдүн өкүлдөрү Орусия аларды Сочидеги конгресске чакырганын билдиришкен.

31-октябрда Түркия менен Иран ноябрда Сириянын өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн катышуусунда Сочиде жолугушууларды өткөрүү боюнча Орусиянын сунушун жактырышкан. Бул сунуш 30-31-октябрь күндөрү Астанада өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасындагы көрүнүктүү жыйынтыктардын бири болду.

XS
SM
MD
LG