Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Шадиев: Кара-Кече боюнча азыркы долбоор ишке ашпайт


Кара-Кече
Кара-Кече

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан депутат, мурдагы энергетика министри Аскарбек Шадиев Кара-Кече көмүр кенинде станция жана темир жол куруу боюнча азыркы долбоор ишке ашпайт деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Кышка даярдык тууралуу маалымат берген вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бул долбоор боюнча сынакка инвестор табылбай жатканын айтты:

- Сынак эки жолу жарыяланган. Тилекке каршы, бир да жолу катыша турган компания келген жок. Эмне үчүн? Биз сүйлөшүүлөрдү өткөргөндө Кара-Кечеден Балыкчыга чейин темир жол куруу боюнча 180 километрди санаганда 1 миллиард долларга чейин каражат кетип калат экен. Ошого байланыштуу көп компаниялар баш тартууда. Бирок ири компаниялар келишкен, кызыккан. Ошол эле Кытай менен Түркиянын консорциуму, мисалы. Бирок, кымбаттыгына байланыштуу сынак өтпөй калды.

Зилалиев бул долбоор ишке ашарына ишенерин айтты.

Бирок Шадиев “Ишке ашпайт, анын концепциясын кайра карап чыгышыңар керек” деди.

Кара-Кече өлкөдөгү ири көмүр кендеринин бири. Мындан мурда ал жерде өмүр казууга кылмыштуу топтор аралашып, чыр-чатактар чыккан. 2014-жылы көмүр казуу ишин көзөмөлдөө үчүн атайын пункт ачылган.

Кенди комплекстүү иштетүү боюнча өкмөт былтыр сынак жарыялап, Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол салуу, кендин жанына жылуулук электр станциясын куруу жана аны толук иштетүү ниетин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG