Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Балдардын “Карек” кинофестивалына 75 тасма түштү


Кинорежиссер Сүйүн Откеев "Карек" фестивалынын статуэткасы менен. 2016-жыл, ноябрь.
Кинорежиссер Сүйүн Откеев "Карек" фестивалынын статуэткасы менен. 2016-жыл, ноябрь.

Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы “Карек” экинчи кинофестивалына 75 тасма келип түштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, фестиваль 14-15-ноябрда Бишкекте өтөт. Аны аталган мекеме Кинематографисттер бирикмеси менен чогуу уюштуруп келет.

Саамалык балдарды жаштайынан чыгармачылыкка аралаштырып, кино тармагын терең түшүндүрүүнү көздөйт. Ага катышууну каалагандарга “Бул менин дүйнөм” темасында тасма тартуу талабы коюлган.

Балдар жиберген тасмаларды кабыл алуу ушул жылдын 10-октябрында аяктады. Келип түшкөн 75 тасма 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар, өспүрүмдөргө таандык. Анын 40 көркөм, 31 даректүү тасма.

"Карек" кинофестивалы биринчи жолу былтыр 14-15-ноябрда Бишкекте өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG