Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Көчөдө адамдар ээрчитип жүргөн арстан Каракол зоопаркына өткөрүлдү


Акжолтой
Акжолтой

Бишкекте белгисиз бирөөлөр көчөдө ээрчитип жүрүшкөн арстандын баласы табылып, Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, "Кызыл китепке" кирген жаныбардын баласын Ысык-Көл облусунун тургуну багып жүргөнү маалым болуп, ага карата жеринен протокол түзүлдү.

Акжолтой деп атап коюшкан беш айлык арстан CITES эл аралык конвенциясына кирген жаныбарлардын бир түрү дейт Мамбеталиева:

- Ага үй шартында багууга уруксат берилбеген жапайы жаныбарлар кирет. Себеби алар бир аз чоңойгондон кийин адамдын өмүрүнө да кол салып жибериши толук мүмкүн.

Акжолтойду Караколдогу «Бугу Эне» коомдук фондуна өткөрүп беришти.

Мамбеталиеванын айтымында, былтыр Каракол зоопаркына арстандын баласын тапшырышкан, бирок анын тиешелүү документтери бар болчу.

Ал эми эч документсиз жапайы жаныбарды багып жүргөн жарандын ишин азыр Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы териштирип жатат. Ал аны тааныштарынан белекке алганын айтууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG