Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

УКМК: Саипов Кыргызстандын жараны эмес


Сайфулло Саипов.
Сайфулло Саипов.

Улуттук коопсуздук комитети АКШнын Нью-Йорк шаарында 31-октябрдагы кол салууга шектүү Сайфулло Саипов Кыргызстандын жараны болгон деген маалыматтарды төгүндөдү. УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Сайфулло Саипов Кыргызстанда болгон эмес:

- Ташкентте туулуп-өскөн Саиповдо Кыргызстандын жарандыгы жок. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан эч качан өткөн эмес.

31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районунда велосипедчендер жүрчү жолго жүк ташуучу автоунаа кирип, кишилерди тебелетип кеткен. Андан сегиз адам каза таап, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. Кылмышка шектүү, 29 жаштагы Сайфулло Саипов полиция аткан октон жараат алгандан кийин кармалган.

АКШ бийликтери Сайфулло Саиповдун аракетин теракт деп атаган. Кандуу окуядан кийин Саиповдун Өзбекстандын атуулу экени, үй-бүлөсү менен АКШга келип иштеп жүргөнү кабарланган. Кийинчерээк интернетте ал Кыргызстандын жараны деген маалыматтар чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG