Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Каримовдун өмүр баянына өзгөртүү киргизилди


Петр Каримов
Петр Каримов

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун расмий өмүр баянына өзгөртүүлөр киргизилди. Жакында эле түзүлгөн Ислам Каримов атындагы илимий-агартуу комплексинин сайтында анын үч баласы, алты небереси бар экени жазылган.

Буга чейин расмий маалымат каражаттарында Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу эч кандай маалыматтар болгон эмес. Маселен, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы Каримовдун өмүр баянында:

"Үй-бүлөлүү, эки кызы жана төрт небереси бар. Жубайы Т. А. Каримова экономист, экономика илимдеринин кандидаты..." деп жазылган.

Өзгөртүүлөрдөн улам бейрасмий булактар маркум президенттин уулу да бар экенин жазып чыгышты. Kun.uz сайты: "Википедиянын маалыматы боюнча, Ислам Каримов биринчи жолу 1960-жылдары үйлөнгөн. 1969-жылы биринчи жубайы Наталья Кучма экөө Петр аттуу уулдуу болушкан. Учурда Петр Каримов Исламович Орусиянын Москва облусунда жашайт" деп жазды.

Президенттин расмий өмүр баянында анын биринчи никеси тууралуу да эч нерсе айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG