Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Шариф сотто жооп берүү үчүн Пакистанга келди


Наваз Шариф
Наваз Шариф

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф сот алдында жооп берүү үчүн 2-ноябрда мекенине кайтып келди. Ал буга чейин рак оорусунан дарыланып жаткан аялынын жанында, Лондондо болчу.

3-ноябрда экс-премьер сотко келери күтүлүүдө.

Ал коррупция боюнча айыпталууда. 2016-жылы ачыкка чыккан Панама досьесинде Шариф үй-бүлөсү офшордогу компаниялар аркылуу Лондондо кымбат баалуу мүлк сатып алганы айтылган.

Буга байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту Наваз Шарифти кызматтан кетирип, иликтөө баштаган. Сотко келбей жатканына байланыштуу октябрдын аягында камакка алууга буйрук берген.

66 жаштагы Шариф өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны коопсуздук кызматынын кутуму деп атап келет.

XS
SM
MD
LG