Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Эркектердин саламаттыгын текшерүү жумалыгы аяктады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эркектердин ден соолугун текшерүү жумалыгы 23-октябрда башталып, 1-ноябрда аяктады. Бул мезгил аралыгында Улуттук госпиталдын алдындагы Республикалык урология илим изилдөө борборуна эле 1600гө жакын киши кайрылды.

Алардын 30 пайызы заара чыгуучу органдарынын бузулганы, простата аденомасы илдеттеринен жабыркайт. Ал эми жаштардын көбүнөн варикоцеле дарты аныкталган.

Кайрылгандардын 12 пайызы тукумсуздуктан жабыркай турганын айтышкан. Ошондой эле кант диабети, атеросклерозго чалдыккандар да көп. Пенсионерлер арасында простатит менен кайрылгандар болгон. Ачык жерде, курулуштарда иштегендерден да ден соолукка байланыштуу көп кайрылуу келген.

Аталган мекеме билдиргендей, Урология борборунун дарыгерлери эркектерди өз саламаттыгына кам көрүүгө, алкоголдон баш тартууга, сууктан сактанууга, сергек жашоого умтулууга, майлуу, холестерин көп азыктарды пайдаланбоого, туура тамактанууга чакырышты. (NT)

XS
SM
MD
LG