Кыргызстандын аймагында 3-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушун жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
3-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 17...22,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, кечке жакын жамгыр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Түнкүсү 13…15, күндүз 20…22° жылуу болот.