Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында жылуулук электр станциясынын буу казаны жарылып, кеминде 26 адам өлгөнү расмий кабарланды.
Штаттын расмий өкүлү Санжай Хатринин айтымында, алтымыштан аз эмес адам жаракат алган. Дарыгерлер көпчүлүгү оор күйүккө кабылганын айтышып, курмандыктар дагы көбөйүшү ыктымал дешет.
Кубаты 500 мегаВаттык блок эксперименттик негизде иштеп жаткан. Хатри авариянын себептери азырынча тактала элек дейт. Жарылуу болгон учурда канча адам ал жерде иштеп жатканы да белгисиз болууда.
Коопсуздук чаралары анчейин сакталбаганына байланыштуу Индияда өндүрүштөгү кырсыктар көбүрөөк катталат.