Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Британ министри 15 жыл мурдагы кылыгы үчүн кызматтан кетүүдө


Майкл Фэллон
Майкл Фэллон

Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон "ылайыксыз сексуалдык жоруктарына" байланыштуу айыптоолордон улам кызматынан кетүүгө арыз жазды. Министр буга чейинки айрым жүрүм-турумдары аскер кызматкерине коюлган талаптарга жооп бербесин моюнга алды.

Британиялык The Telegraph басылмасы Феллон 15 жыл мурда Жулия Харли-Брюер аттуу журналист менен түштөнүп отуруп, анын тизесине колун койгонун жазып чыккан.

Жабырлануучу мурдараак ал окуя тууралуу Фэллондун атын атабастан айтып берген. Министр андан кечирим сураганын да билдирди.

Мындан тышкары британиялык журналисттер акыркы беш жылда сексуалдык ыдык көрсөтүшү ыктымал делген бийликтеги консервативдик партиянын, анын ичинде өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен кырктай кишинин тизмесин түзгөнү кабарланууда. Журналисттерге жабырлануучулардан арыз түшкөн делет.

XS
SM
MD
LG