Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

ЦРУ бен Ладендин жанынан табылган документтерди жарыялады


Усама бен Ладен
Усама бен Ладен

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) Усама бен Ладенди кармоо операциясы учурунда анын жанынан табылган 470 миң чамалуу документти жарыялады.

"Бүгүн жарыяланган "Ал-Каиданын" жазмалары, аудио-видео жана башка материалдары америкалыктарга бул террордук уюмдун пландары жана ишмердиктери тууралуу кошумча маалымат алууга мүмкүндүк берет" деди башкармалык башчысы Майк Помпео.

Анын ичине балдар мультфильмдери, голливуддук фильмдер жана Бен Ладендин өзү жөнүндөгү үч документалдуу тасма да камтылган.

ЦРУ мурда да бир нече ирет бен Ладендин архивиндеги документтерди ачыкка чыгарган.

"Ал-Каида" террордук тобунун башчысы 2011-жылдын 2-майында АКШнын атайын кызматтарынын Пакистандагы операциясы учурунда өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG